ОРБИТА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОРБИТА (латынча огЪИа - нук, жол) - 1) асман телосунун (планета, планета жандоочусу, комета, Жердин жасалма жандоочусу ж. б.) мейкиндикте башка бир асман телосуна салыштырмалуу айлануучу кыймыл жолу (траектория). Табигый жана жасалма асман телолорунун О. боюнча кыймылы И. Кеплер законуна баш иет. Асман телосунун Күндү айланган О-сынын жерге жакынкы чекити - перигелий, ал эми өтө алыскы чекити - афелий деп аталат. Ай же Жердин жасалма жандоочусунун 0-сынын жерге жакынкы чекити - перигей, ал эми өтө алыс чекити - апогей-, 2) айлана; иш-аракет таралуу чөйрөсү, к. Асман нерселеринин (телолорунун) орбитасы.