ОКТЯБРЬ (Кара-Кулжа р-ну)
ОКТЯБРЬ — Ош облусунун Кара-Кулжа р-нундагы кыштак. Кашка-Жол айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1220 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 13 км батыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 78 км. Калкы 2236 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.