ОКТЯБРЬ (Кара-Кулжа р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКТЯБРЬ — Ош облусунун Кара-Кулжа р-нунда­гы кыштак. Кашка-Жол айыл аймагына караш­туу. Деңиз деңгээлинен 1220 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 13 км батыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 78 км. Калкы 2236 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.