ОБРОК
ОБРОК (алым) - помещиктер өзүнө күнкор дыйкандардан жыл сайын натуралай же акчалай жыйнай турган салык, феод. эзүүнүн негизги түрлөрүнүн бири. Феодализмдин алгачкы мезгилинде О. азык-түлүк түрүндө алынган. Феодализм гүлдөп турган учурда О. барщина менен бирге колдонулган. Феодализм кулай баштаган мезгилде акчалай жана натуралай 0. басымдуулук кылган. 1883-жылдын 1-январынан дыйкандардын жерди милдеттүү түрдө сатып алышына байланыштуу 0. жоюлган.