ОБРОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБРОК (алым) - помещиктер өзүнө күнкор дый­кандардан жыл сайын натуралай же акчалай жыйнай турган салык, феод. эзүүнүн негизги түрлөрүнүн бири. Феодализмдин алгачкы мез­гилинде О. азык-түлүк түрүндө алынган. Фео­дализм гүлдөп турган учурда О. барщина менен бирге колдонулган. Феодализм кулай баштаган мезгилде акчалай жана натуралай 0. басымдуу­лук кылган. 1883-жылдын 1-январынан дый­кандардын жерди милдеттүү түрдө сатып алы­шына байланыштуу 0. жоюлган.