НООШКЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НООШКЕН, Нооушкен — Жалал-Абад обл­нун Ноокен районундагы кыштак. Бүргөндү айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 460 м бийик­тикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш­нан 52 км батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 97 км. Калкы 3039 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, оорукана, пахта кабыл алуучу пункт иштейт. Кыштак аркылуу Фергана сугат кана­лы өтөт.