НООШКЕН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НООШКЕН, Нооушкен — Жалал-Абад облнун Ноокен районундагы кыштак. Бүргөндү айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 460 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кышнан 52 км батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 97 км. Калкы 3039 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, оорукана, пахта кабыл алуучу пункт иштейт. Кыштак аркылуу Фергана сугат каналы өтөт.