НООКАТ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НООКАТ ЧОПО КЕНИ Ош облусунун Ноокат р-нунда, Ноокат 10-15 км түндүк-чыгыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1383-1574 м бийиктикте. 1971-жылы Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы геол. чалгындоо жүргүзүп, запасы эсептелген. Кен аймагын бор мезгилин­де пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Пайдалуу катмар монтмориллониттүү чоподон турат. Алардын арасында катмарча жана линза (калың­дыгы 0,1-11,3 м) түрүндөгү үлүлдүү акиташ теги кезигет. Чопо катмарынын калындыгы 65-82 м. Чопо нык, чоюлгуч, бир аз гипстелген. Чопо кыш жасоого, керамзит өндүрүүгө жарамдуу. Чопого 50% шамот (отко чыдамдуу чопо же каолин) кошсо, карапа такталарды даярдоого болот. Запасы В категориясы боюнча 2401 миң л«3, - 4705 миң лг3.