НООКАТ ЧОПО КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НООКАТ ЧОПО КЕНИ Ош облусунун Ноокат р-нунда, Ноокат 10-15 км түндүк-чыгыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1383-1574 м бийиктикте. 1971-жылы Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы геол. чалгындоо жүргүзүп, запасы эсептелген. Кен аймагын бор мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Пайдалуу катмар монтмориллониттүү чоподон турат. Алардын арасында катмарча жана линза (калыңдыгы 0,1-11,3 м) түрүндөгү үлүлдүү акиташ теги кезигет. Чопо катмарынын калындыгы 65-82 м. Чопо нык, чоюлгуч, бир аз гипстелген. Чопо кыш жасоого, керамзит өндүрүүгө жарамдуу. Чопого 50% шамот (отко чыдамдуу чопо же каолин) кошсо, карапа такталарды даярдоого болот. Запасы В категориясы боюнча 2401 миң л«3, - 4705 миң лг3.