НОВОКУЗНЁЦК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОВОКУЗНЁЦК - Россиядагы шаар. Кемеров обл-нда. Томь д-нын боюнда жайгашкан. Кал­кы 548,0 миң (2010). Кузнецк, Батыш-Сибирь металлургия комбинаттары, темир жана алюми­ний эритүүчү ж. б. заводдору, машина куруу, ме­талл эритүүчү, химиялык-фармацевтика, жеңил ө. ж. ишканалары, жеңил, тамак-аш өндүрүш би­рикмелери иштейт. Томь д-нын сол жээгине 1929-жылы Кузнецк металлургия комбинаты ку­рулгандан баштдп өнүгө баштаган. Н-нын ку­рамына Томь д-нын оң жээгиндеги Кузнецк ш. (1617-жылы абак катары негизделген, 1622-жыл­дан шаар) кошулган. Эки ЖОЖ, 2 театр, 4 му­зей (анын ичинде край таануу, искусство) бар. Шаардын аймагынан көмүр казып алынат. 1617-жылы не­гизделген. 1622-жылы чейин Кузнец острогу, 1922- 31-ж. чейин Кузнецк-Сибирский, 1931-32-ж. Кузнецк, 1932-61-ж. (Сталинск) аталган.