НОВОКУЗНЁЦК
НОВОКУЗНЁЦК - Россиядагы шаар. Кемеров обл-нда. Томь д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 548,0 миң (2010). Кузнецк, Батыш-Сибирь металлургия комбинаттары, темир жана алюминий эритүүчү ж. б. заводдору, машина куруу, металл эритүүчү, химиялык-фармацевтика, жеңил ө. ж. ишканалары, жеңил, тамак-аш өндүрүш бирикмелери иштейт. Томь д-нын сол жээгине 1929-жылы Кузнецк металлургия комбинаты курулгандан баштдп өнүгө баштаган. Н-нын курамына Томь д-нын оң жээгиндеги Кузнецк ш. (1617-жылы абак катары негизделген, 1622-жылдан шаар) кошулган. Эки ЖОЖ, 2 театр, 4 музей (анын ичинде край таануу, искусство) бар. Шаардын аймагынан көмүр казып алынат. 1617-жылы негизделген. 1622-жылы чейин Кузнец острогу, 1922- 31-ж. чейин Кузнецк-Сибирский, 1931-32-ж. Кузнецк, 1932-61-ж. (Сталинск) аталган.