МУЗЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЕЙ (грекче mouseion - музалар храмы) - таби­гый, тарыхый, материалдык жана рухий маданият эстеликтерди топтоо, сактоо, изилдөө жана алар менен көпчүлүктү тааныштыруу иштерин

жүргү­зүүчү илимий мекеме. Музей экспонаттары илим менен өндүрүштүн ар түрдүү тармактарын камтыйт. Ошондой эле түп нускаларды басмага даярдап, моногра­фия, каталогдор чыгарат. Музей XV-XVI кылымдарда пайда болгон. XX кылымдын 70-жылдарынын башында дүйнөдө 12 миңден ашуун музей болгон. Советтик Социалисттик Республикалар Союзунда

(СССР) 1980-жылы 1526 музей иштеген. 1977-жылы музейлердин эл аралык кеңешинин 11-конференциясы 1978-жыл­дан 18-май - эл аралык музей күнү деп белгиле­ген/ Кыргызстанда 10 негизги музей иштейт: Эл Дос­тугу ордендүү М. В. Фрунзенин мемориал музейи (1925, декабрь); Зоологиялык музей (1926, июнь); Кыргыз мамлекеттик тарых музейи (1927, март); Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт искусство музейи (1935, 1944-жылга чейин сүрөт галереясы); Ош облустук крайлык музей (1949, май); Пржевальск крайлык музейи (1950); Н. М. Пржевальскийдин мемориал музейи (1957); Токмок крайлык-тарыхый музейи (1970, апрель); «Бурана» археологиялык архитектуралык музей комплекси (1976, декабрь); «Манас-Ордо» комплексиндеги «Манас» эпосунун музейи (1976, «Манас» адабий ­этнографиялык музейи; 1988-жылдан «Манас» мамлекеттик-му­зей коругу). Кыргызстандын айрым шаарлары менен кыштактарында коомдук башталыштагы, мек­тептеринде мектеп музейлери бар.