МУЗЕЙ
МУЗЕЙ (грекче mouseion - музалар храмы) - табигый, тарыхый, материалдык жана рухий маданият эстеликтерди топтоо, сактоо, изилдөө жана алар менен көпчүлүктү тааныштыруу иштерин
жүргүзүүчү илимий мекеме. Музей экспонаттары илим менен өндүрүштүн ар түрдүү тармактарын камтыйт. Ошондой эле түп нускаларды басмага даярдап, монография, каталогдор чыгарат. Музей XV-XVI кылымдарда пайда болгон. XX кылымдын 70-жылдарынын башында дүйнөдө 12 миңден ашуун музей болгон. Советтик Социалисттик Республикалар Союзунда
(СССР) 1980-жылы 1526 музей иштеген. 1977-жылы музейлердин эл аралык кеңешинин 11-конференциясы 1978-жылдан 18-май - эл аралык музей күнү деп белгилеген/ Кыргызстанда 10 негизги музей иштейт: Эл Достугу ордендүү М. В. Фрунзенин мемориал музейи (1925, декабрь); Зоологиялык музей (1926, июнь); Кыргыз мамлекеттик тарых музейи (1927, март); Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт искусство музейи (1935, 1944-жылга чейин сүрөт галереясы); Ош облустук крайлык музей (1949, май); Пржевальск крайлык музейи (1950); Н. М. Пржевальскийдин мемориал музейи (1957); Токмок крайлык-тарыхый музейи (1970, апрель); «Бурана» археологиялык архитектуралык музей комплекси (1976, декабрь); «Манас-Ордо» комплексиндеги «Манас» эпосунун музейи (1976, «Манас» адабий этнографиялык музейи; 1988-жылдан «Манас» мамлекеттик-музей коругу). Кыргызстандын айрым шаарлары менен кыштактарында коомдук башталыштагы, мектептеринде мектеп музейлери бар.