География:ЧОҢ КИНДИК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Борб.

Теңиртоодогу Көөлү кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Көөлү суусунун алабынан орун алган. Уз. 3,8 км, аянты 4,1 км2. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4300 м, этеги 3780 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4120 м. Мөңгүдөн Чоң Киндик суусу башталып, Көөлүгө оң жактан куят.