География:ЧОҢ КИНДИК МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЧОҢ КИНДИК МӨҢГҮСҮ — Борб. Теңиртоодогу Көөлү кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Көөлү суусунун алабынан орун алган. Уз. 3,8 км, аянты 4,1 км2. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4300 м, этеги 3780 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4120 м. Мөңгүдөн Чоң Киндик суусу башталып, Көөлүгө оң жактан куят.