География:МАНАС МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Талас Алатоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги ири мөңгү. Уз. 4,4 км, аянты 6,4 км2.

Талас д-нын сол куймасы – Үрмарал суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 3700 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3682 м, абляция облусунун аянты 3,7 км2. Мөңгүнүн этегин мореналар жаап жатат. Андан Армарал өзөнү башталып, Үрмаралдын оң курамы – Табылгытыга куят.