География:МАНАС МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАНАС МӨҢГҮСҮ — Талас Алатоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги ири мөңгү. Уз. 4,4 км, аянты 6,4 км2. Талас д-нын сол куймасы – Үрмарал суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 3700 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3682 м, абляция облусунун аянты 3,7 км2. Мөңгүнүн этегин мореналар жаап жатат. Андан Армарал өзөнү башталып, Үрмаралдын оң курамы – Табылгытыга куят.