География:КАШКАСУУ МӨҢГҮСҮ
— Иле Алатоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 4,2 км2. Чоң Кемин суусунун алабында жайгашкан.
Башы деңиз деңг. 4280 м, этеги 3620 м бийиктикте жатат. Азыркы мезгилде мөңгү тартылууда. Мөңгүдөн Кашкасуу суусу (Чоң Кеминдин оң куймасы) башталат.