География:КАШКАСУУ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАШКАСУУ МӨҢГҮСҮ — Тую к суу тоосунун (Кичи Алай кырка тоосунун түн. тармагы) түн.-батыш капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,6 км, аянты 7,2 км2. Акбуура суусунун оң куймасы – Чалкуйруктун алабында. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 4,8 км2. Фирн облусу төрлөрдө жатат. Мөңгү тартылууда. Андан Чалкуйрук суусунун сол куймасы – Кашкасуу башталат.