География:КАТТАКАРАСЕЛ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алай кырка тоосунун түн. капталындагы артасалма-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,3 км, аянты 3,7 км2; көлөмү 0,27 км3. Исфайрамсайдын оң курамы–Кичи Алайдын алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м. Абляция облусунун аянты 2,7 км2. Кийинки мезгилде тартылууда. Мөңгүдөн Карасел суусу (Кичи Алайдын куймасы) башталат.