География:КАТТАКАРАСЕЛ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТТАКАРАСЕЛ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түн. капталындагы артасалма-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,3 км, аянты 3,7 км2; көлөмү 0,27 км3. Исфайрамсайдын оң курамы–Кичи Алайдын алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м. Абляция облусунун аянты 2,7 км2. Кийинки мезгилде тартылууда. Мөңгүдөн Карасел суусу (Кичи Алайдын куймасы) башталат.