География:ЖИНДИСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Күнгөй Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,8 км, аянты 4,4 км2.

Чоң Кемин суусунун сол куймасы Жиндисуунун төрүнөн орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4280 м, этеги 3590 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3860 м. Мөңгү 1932–62-ж-дын аралыгында 1311 мге, б. а. жылына 37,5 мге тартылган. Азыркы мезгилде да тартылууда. «Тилинин» төмөн жагында кийин пайда болгон этек морена комплекси жатат.