География:ЖИНДИСУУ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖИНДИСУУ МӨҢГҮСҮ – Күнгөй Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,8 км, аянты 4,4 км2. Чоң Кемин суусунун сол куймасы Жиндисуунун төрүнөн орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4280 м, этеги 3590 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3860 м. Мөңгү 1932–62-ж-дын аралыгында 1311 мге, б. а. жылына 37,5 мге тартылган. Азыркы мезгилде да тартылууда. «Тилинин» төмөн жагында кийин пайда болгон этек морена комплекси жатат.