География:ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Алай кырка тоосунда меридиан багытына жакын жайгашкан.

Акбуура суусунун алабынан орун алган кооз өрөөн. Уз. 40 кмдей, туурасы 5 кмге чейин. Орт. бийикт. 2800 м, эң бийик жери 3900 м, жапыз жери 2100 м (Кожокелең). Өрөөндүн капталдары тик, аскалуу келип, негизинен палеозойдун акиташ теги, төмөнкү бөлүгү бор м-н палеогендин кызыл түстүү конгломератынан неогендин кум-чополуу тектеринен турат. Ойтал, Мазар ж. б. каптал өрөөндөрдө бул тектердин калыңдыгы 100–150 мге жетип, тар каньондорду пайда кылат. Өрөөндүн жогорку бөлүгү корумдар, байыркы мореналар, суу чөгүндүлөрү м-н капталган. Кышы суук, жайы мелүүн. Январдын орт. темпрасы – 8...–10°С, июлдуку 15–16°С; жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Негизги суулары: Жиптик, Кайыңды. Өрөөн түш.чыгыштан түн.-батышка жантайыңкы болгондуктан суулары шар агат, бөгөттөр, шаркыратмалар көп. Негизинен арча токою, шалбаа басымдуу; түзөң бөлүгү маданий ландшафт. Өрөөндө Кожокелең кыш. жайгашкан. Жайыт.