География:ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ Алай кырка тоосунда меридиан багытына жакын жайгашкан. Акбуура суусунун алабынан орун алган кооз өрөөн. Уз. 40 кмдей, туурасы 5 кмге чейин. Орт. бийикт. 2800 м, эң бийик жери 3900 м, жапыз жери 2100 м (Кожокелең). Өрөөндүн капталдары тик, аскалуу келип, негизинен палеозойдун акиташ теги, төмөнкү бөлүгү бор м-н палеогендин кызыл түстүү конгломератынан неогендин кум-чополуу тектеринен турат. Ойтал, Мазар ж. б. каптал өрөөндөрдө бул тектердин калыңдыгы 100–150 мге жетип, тар каньондорду пайда кылат. Өрөөндүн жогорку бөлүгү корумдар, байыркы мореналар, суу чөгүндүлөрү м-н капталган. Кышы суук, жайы мелүүн. Январдын орт. темпрасы – 8...–10°С, июлдуку 15–16°С; жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Негизги суулары: Жиптик, Кайыңды. Өрөөн түш.чыгыштан түн.-батышка жантайыңкы болгондуктан суулары шар агат, бөгөттөр, шаркыратмалар көп. Негизинен арча токою, шалбаа басымдуу; түзөң бөлүгү маданий ландшафт. Өрөөндө Кожокелең кыш. жайгашкан. Жайыт.