География:ЧИЛМАЙРАМ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ош ш-нын батыш тарабында. Структурасы б-ча Сулайман тоосунун уландысы. Бийикт. 1543 м, уз. 7,5 км, туурасы 3,5 км. Түш. жагындагы тоолордон шиленип келген төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектерине батып турган арал сымал. Салыштырма бийикт. 450–500 м. Акиташ, сланец, кумдук, конгломерат тектеринен турат. Түш. тарабы суу жеп кеткен какыраган сайлар. Топурагы боз ж-а бозомтук күрөң. Чөл ландшафты басымдуу.