География:ЧИЛМАЙРАМ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧИЛМАЙРАМ ТООСУ Ош ш-нын батыш тарабында. Структурасы б-ча Сулайман тоосунун уландысы. Бийикт. 1543 м, уз. 7,5 км, туурасы 3,5 км. Түш. жагындагы тоолордон шиленип келген төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектерине батып турган арал сымал. Салыштырма бийикт. 450–500 м. Акиташ, сланец, кумдук, конгломерат тектеринен турат. Түш. тарабы суу жеп кеткен какыраган сайлар. Топурагы боз ж-а бозомтук күрөң. Чөл ландшафты басымдуу.