МАКЕДОНДУКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКЕДОНДУКТАР - түштүк славян элдери; Ма­кедония Республикасынын негизги калкы. Жалпы саны 2-2,5 миллион киши, анын ичинде Македонияда 1 297 981 (2009). 0шондой эле Грекия, Албания, Сербия жана башка өлкөлөрдө да жашашат. Македон тилинде сүй­лөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү - пра­вослав, мусулмандар да бар. Македондуктардын эт­ностук негизин славян уруулары түзгөн. Македондуктар арий­лик, чыгыш жер ортолук деңиздик (минойлук), түштүк еропалык жана африка­лык-азиялык гаплотоп­тордон турат. Македондуктар дыйкан­чылык жана мал чарбачы­лык менен кесиптенишет.

Улуттук кийимдери - аялдары туника сымал тик жакалуу саймаланган көйнөк, алды туюк тигилген жеңсиз же кыска жеңдүү жука кемсел, сыртынан желет, алжап­кыч, башына жоолугу.менен кошо топу кийип, кооздуктарды тагынышат. Эркектери көйнөк, ыштан, ак кемсел кийип, кур курчанат. Негиз­ги тамак-ашы - дан, эт, сүт жана жашылчалар.