МАКЕДОНДУКТАР
МАКЕДОНДУКТАР - түштүк славян элдери; Македония Респ-нын негизги калкы. Жалпы саны 2-2,5 миллион киши, анын ичинде Македонияда 1 297 981 (2009). 0. эле Грекия, Албания, Сербия ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Македон тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү - православныйлар, мусулмандар да бар. М-дын этностук негизин славян уруулары түзгөн. М. арийлик, чыгыш жер ортолук деңиздик (минойлук), түштүк ероп. жана африкалык-азиялык гаплотоптордон турат. М. дыйканчылык жана мал чарбачылык менен

кесиптенишет. Улуттук кийимдери - аялдары туника сымал тик жакалуу саймаланган көйнөк, алды туюк тигилген жеңсиз же кыска жеңдүү жука кемсел, сыртынан желет, алжапкыч, башына жоолугу.менен кошо топу кийип, кооздуктарды тагынышат. Эркектери көйнөк, ыштан, ак кемсел кийип, кур курчанат. Негизги тамак-ашы - дан, эт, сүт жана жашылчалар.