МАЙОЛИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙОЛИКА (Италиядагы Мальорка аралынын эски атынан) - кең мааниде - чоподон бышырылып жасалган түрдүү түстөгү глазурь жалатылган буюмдар. Майолика сүрөтүнүн көлөмдүүлүгү, боёгунун ачык, жалтырак жана бир-бирине өтө айкалы­шы менен өзгөчөлөнөт. Майолика Байыркы Чыгышта (Египет, Вавилония, Иран), орто кылымда Орто, Борбордук жана Алдыңкы Азияда, ошондой эле Европанын айрым өлкөлөрүндө (Испания, Франция жана башкалар) таралган. Россияда XVII-XVIII кылымдарда бул техника це­нина, цениналык иштер деген наамды алып жүргөн. Майолика өндүрүшүнүн гүлдөп-өнүгүшү Батыш Европада XVI-XVII кылымдарга, Россияда XVII-XVIII кылымдарга таан­дык жана анын начарлашы фарфор менен фаянс­тын пайда болушуна байланыштуу.

Италиялык майолика.