МАЖОР
МАЖОР (латынча major - чоң, улуу) - добуш катарынын туруктуу баскычтары чоң үч үндөштүктү (1, 3, 5 баскыч) түзгөн лад. Мажор минорго тескерисинче шаңдуу, көтөрүңкү үн чыгарат. Мажордун минорго карама-каршылыгы - музыкадагы маанилүү эстетикалык каражаттардын бири. Мажордун гармониялык, мелодикалык, накта (табигый) жана башка түрлөрү бар.