МАЖОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЖОР (латынча major - чоң, улуу) - добуш ката­рынын туруктуу баскычтары чоң үч үндөштүктү (1, 3, 5 баскыч) түзгөн лад. Мажор минорго тескери­синче шаңдуу, көтөрүңкү үн чыгарат. Мажордун минорго карама-каршылыгы - музыкадагы маа­нилүү эстетикалык каражаттардын бири. Мажордун гармониялык, мелодикалык, накта (табигый) жана башка түрлөрү бар.