ЛУВР
ЛУВР - Париждеги архитектуралык эстелик; сүрөт музейи, дүйнөлүк көркөм дөөлөттүн залкар казынасы. Лувр имараты XII-XIV кылымдарда курулган. Луврду кеңейтип куруу иши XIX кылымдын 50-жылдарына чейин созулган. 1791-жылы революциячыл Конвенттин декрети менен Лувр улуттук көркөм сүрөт музейине айланган. 2000-жылдардын башында
35 миңге жакын бирдик экспонаты болгон. Байыркы чыгыштык, байыркы египеттик, байыркы гректик жана римдик экспонаттар, скульптура (орто кылымдын) кайра жаралуу доорунун, жаңы жана соңку мезгилдердин, живопись, сүрөт, жасалга-колдонмо өнөр экспонаттары бөлүмдөрү бар.
Анда дүйнөлүк мааниси бар «Милостук Афродита» (биздин заманга чейинки II кылым, автору белгисиз), Леонардо да Винчинин «Аскадагы
Мадонна», «Жоконда», мындан башка Микеланжело, Рембрандт, Рафаэль, Рубенс жана башка сүрөтчүлөрдүн чыгармалары бар.

