ЛУВР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУВР - Париждеги архитектуралык эстелик; сүрөт музейи, дүйнөлүк көркөм дөөлөттүн залкар казынасы. Лувр имараты XII-XIV кылымдарда курулган. Луврду кеңейтип куруу иши XIX кылымдын 50-жылда­рына чейин созулган. 1791-жылы революциячыл Конвент­тин декрети менен Лувр улуттук көркөм сүрөт му­зейине айланган. 2000-жылдардын башында

Луврдун чыгыш жак маңдайы. 1667-1672. Архитек­тор К. Перро.

35 миңге жакын бирдик экспонаты болгон. Ба­йыркы чыгыштык, байыркы египеттик, ба­йыркы гректик жана римдик экспонаттар, скульптура (орто кылымдын) кайра жаралуу доо­рунун, жаңы жана соңку мезгилдердин, живопись, сүрөт, жасалга-колдонмо өнөр экспонат­тары бөлүмдөрү бар.

Луврдагы Аполлон галереясы. 1660-жыл­дар. Архитектору Л. Лево, декоратор III. Лебрен.

Анда дүйнөлүк мааниси бар «Милостук Афродита» (биздин заманга чейинки II кылым, автору бел­гисиз), Леонардо да Винчинин «Аскадагы

Ма­донна», «Жоконда», мындан башка Микеланже­ло, Рембрандт, Рафаэль, Рубенс жана башка сүрөтчү­лөрдүн чыгармалары бар.