ЛИ Владимир Владимирович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:44, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) («‎(1920, Россия, При­морье крайы, Хасан р-ну, Адиминск айылы - 1983, Бишкек) - зоотехник, биология <abbr>илимдеринин</abbr> доктору (1965), проф. (1965). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. зоотехниги (1976), Кыргыз ССРинин илим <abbr>жана</abbr> техника жаатындагы <abbr>мамлекеттик</abbr> сый...» менен түзүлгөн барак) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(1920, Россия, При­морье крайы, Хасан р-ну, Адиминск айылы - 1983, Бишкек) - зоотехник, биология илимдеринин доктору (1965), проф. (1965). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. зоотехниги (1976), Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лау­реаты (1980). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бү­түргөн (1949). 1966-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде бөлүм башчысы, 1967- жылдан директордун орун басары. 1976-жыл­дан Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмеси­нин генералдык директорунун орун басары бо­луп иштеген. Малдын жана канаттуулардын та­мак сиңирүүсү жана аларды тоюттандыруунун фи­зиологиясы, кыргыз уяң жүндүү коюнун айрым өзгөчөлүктөрүн изилдеген. 250дөн ашык илимий эм­геги, анын ичинде 3 монографиясы бар. «Ардак Белги­си» ордени менен сыйланган.

Эмг.: Производство баранины и шерсти на промыш­ленной основе. Ф., 1979.