ЛИ Владимир Владимирович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(1920, Россия, При­морье крайы, Хасан р-ну, Адиминск айылы - 1983, Бишкек) - зоотехник, биология илимдеринин доктору (1965), проф. (1965). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. зоотехниги (1976), Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лау­реаты (1980). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бү­түргөн (1949). 1966-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде бөлүм башчысы, 1967- жылдан директордун орун басары. 1976-жыл­дан Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмеси­нин генералдык директорунун орун басары бо­луп иштеген. Малдын жана канаттуулардын та­мак сиңирүүсү жана аларды тоюттандыруунун фи­зиологиясы, кыргыз уяң жүндүү коюнун айрым өзгөчөлүктөрүн изилдеген. 250дөн ашык илимий эм­геги, анын ичинде 3 монографиясы бар. «Ардак Белги­си» ордени менен сыйланган.

Эмг.: Производство баранины и шерсти на промыш­ленной основе. Ф., 1979.