НИЖНИЙ НОВГОРОД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЙЖНИЙ НОВГОРОД (1932-90-ж. Горь­к и й) - Россиядагы шаар. Нижегород обл-нун администрациялык борбору. Волгага Ока д. куя бериште жай­гашкан. Калкы 1,3 миллион (2010). Ири дарыя пор­ту. Т. ж. түйүнү. Метрополитен иштейт (1985).

Канавин көпүрөсү.

Машина куруунун жана металл иштетүүнүн ири борбору (өндүрүш бирикмелери: «ГАЗ» автомо­биль жана «Металлист» станок куруу; заводдо­ру: «Кызыл Сормово», «Революция кыймыл­даткычы» дизель куруу, авиация, байланыш ап­параттары, телевизор ж. б.). Кара жана түстүү металлургия, химиялык, нефть-химиялык, химиялык-фармацев­тика, жыгаччылык, курулуш материалдар, же­ңил ө. ж. ишканалары иштейт. Он бир ЖОЖ (анын ичинде 2 университет), 5 театр, музейлер (М. Горький, Н. А. Добролюбов атындагы адабий, тарыхый-арх­ралык музей-корук), консерватория (1946), театр (анын ичинде опера жана балет, драма, комедия, жаш көрүүчүлөр үчүн, куурчак) бар. Шаар 1221-ж. негизделген. 1341-92-ж. Нижегород-Суз­даль княздыгынын борбору болгон. 19-20-к-дын башында өлкөнүн маанилүү соода-финансы (дүй­нөдө дан эгиндерин соодалоонун) борбору. 1817- 1917- жана 1922-30-ж. Н. Н. жайма базардын чордону болгон. 1990-жылдан жыл сайын Ниж­ний Новгород жармаңкелери өткөрүлүп турат. Кремль (16-17-к.), Благовещенье (17-к.), Печё­ра (17-к.) кечилканалары, өтө кооздолгон Смо­ленск (17-к-дын аягы) жана Рождество (18-к.)-чир­көөлөрү сакталган. Шаарда орустун улуу жазуу­чусу А. М. Горъкий туулган.