НИЖНИЙ НОВГОРОД
НЙЖНИЙ НОВГОРОД (1932-90-ж. Горьк и й) - Россиядагы шаар. Нижегород обл-нун администрациялык борбору. Волгага Ока д. куя бериште жайгашкан. Калкы 1,3 миллион (2010). Ири дарыя порту. Т. ж. түйүнү. Метрополитен иштейт (1985).
Машина куруунун жана металл иштетүүнүн ири борбору (өндүрүш бирикмелери: «ГАЗ» автомобиль жана «Металлист» станок куруу; заводдору: «Кызыл Сормово», «Революция кыймылдаткычы» дизель куруу, авиация, байланыш аппараттары, телевизор ж. б.). Кара жана түстүү металлургия, химиялык, нефть-химиялык, химиялык-фармацевтика, жыгаччылык, курулуш материалдар, жеңил ө. ж. ишканалары иштейт. Он бир ЖОЖ (анын ичинде 2 университет), 5 театр, музейлер (М. Горький, Н. А. Добролюбов атындагы адабий, тарыхый-архралык музей-корук), консерватория (1946), театр (анын ичинде опера жана балет, драма, комедия, жаш көрүүчүлөр үчүн, куурчак) бар. Шаар 1221-ж. негизделген. 1341-92-ж. Нижегород-Суздаль княздыгынын борбору болгон. 19-20-к-дын башында өлкөнүн маанилүү соода-финансы (дүйнөдө дан эгиндерин соодалоонун) борбору. 1817- 1917- жана 1922-30-ж. Н. Н. жайма базардын чордону болгон. 1990-жылдан жыл сайын Нижний Новгород жармаңкелери өткөрүлүп турат. Кремль (16-17-к.), Благовещенье (17-к.), Печёра (17-к.) кечилканалары, өтө кооздолгон Смоленск (17-к-дын аягы) жана Рождество (18-к.)-чиркөөлөрү сакталган. Шаарда орустун улуу жазуучусу А. М. Горъкий туулган.
