НЕОПЛАТОНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОПЛАТОНЙЗМ - 3-6-к-дагы антикалык философияда Платондун окуусуна Аристотель, неопифагорчулар ж. б. философтордун идеяла­рын кошуп системалаштырган концепциялар тобунун жыйындысы. Н-дин чордонунда бол­муштун иерархиялык түзүлүшү жана биримдиги жөнүндө Платон иштеп, Прокл аягына чыгарган концепциялык окуу жатат. Н. Европадагы жана Чыгыштагы философияга кеңири таасирин тий­гизген, ошону менен бирге миң жылдап узакка өнүккөн антикалык философияны жалпылаган жана корутундулаган грек философиясынын акыр­кы формасы болуп саналат.