НЕОПЛАТОНИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕОПЛАТОНЙЗМ - 3-6-к-дагы антикалык философияда Платондун окуусуна Аристотель, неопифагорчулар ж. б. философтордун идеяларын кошуп системалаштырган концепциялар тобунун жыйындысы. Н-дин чордонунда болмуштун иерархиялык түзүлүшү жана биримдиги жөнүндө Платон иштеп, Прокл аягына чыгарган концепциялык окуу жатат. Н. Европадагы жана Чыгыштагы философияга кеңири таасирин тийгизген, ошону менен бирге миң жылдап узакка өнүккөн антикалык философияны жалпылаган жана корутундулаган грек философиясынын акыркы формасы болуп саналат.