НЕОМАРКСИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОМАРКСЙЗМ (нео... жана марксизм) - марк­сизмдин теориялык жоболорунун негизин түзгөн агым­дардын идеол. көп түрдүүлүгү (сол

либералчы­дан сол радикалчыга чейинки модификацияла­ры). Н-дин негизги багыттарына төмөнкүдөй түрлөрү кирет: Н-дин неогегелчилик версиясы (К. Корш, Д. Лукач), анын Франкфурт мектеби (Т. Адорно, М. Хоркхаймер); фрейдомарксизм (Э. Фромм, Г. Маркузе), экзистенциалдык мар­ксизм (Ж.-П. Сартр), феноменисттик марк­сизм (Э. Пачи), структуралисттик марксизм (М. Годелье, Н. Пуланцас), антипозитивисттик Н. (Ч. Р. Миллс, А. Голднер).