НЕОМАРКСИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕОМАРКСЙЗМ (нео... жана марксизм) - марксизмдин теориялык жоболорунун негизин түзгөн агымдардын идеол. көп түрдүүлүгү (сол
либералчыдан сол радикалчыга чейинки модификациялары). Н-дин негизги багыттарына төмөнкүдөй түрлөрү кирет: Н-дин неогегелчилик версиясы (К. Корш, Д. Лукач), анын Франкфурт мектеби (Т. Адорно, М. Хоркхаймер); фрейдомарксизм (Э. Фромм, Г. Маркузе), экзистенциалдык марксизм (Ж.-П. Сартр), феноменисттик марксизм (Э. Пачи), структуралисттик марксизм (М. Годелье, Н. Пуланцас), антипозитивисттик Н. (Ч. Р. Миллс, А. Голднер).