НАРЬЯН-МАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЬЯН-МАР - Россиядагы шаар (1935-жыл­дан), Ненец автономия округунун администрациялык борбору, Печора д-ндагы деңиз порту (Баренц деңизинен 110 км). Калкы 19,5 миң (2010). Аэропорту бар. Балык комбинаты, тактай тилүү заводу, тамак­аш (эт, сүт; «Печора балык комбинаты», «Эт азыктары» ААКы) иштейт. Үч музей (анын ичинде та­бигый-тарых) бар. Ири ишканалары: «Компа­ния Полярное Сияние», «Нарьян-Марнефтегаз», «Тотал Разведка Разработка Россия». Шаар 1930-ж. негизделген.