НАРЬЯН-МАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАРЬЯН-МАР - Россиядагы шаар (1935-жылдан), Ненец автономия округунун администрациялык борбору, Печора д-ндагы деңиз порту (Баренц деңизинен 110 км). Калкы 19,5 миң (2010). Аэропорту бар. Балык комбинаты, тактай тилүү заводу, тамакаш (эт, сүт; «Печора балык комбинаты», «Эт азыктары» ААКы) иштейт. Үч музей (анын ичинде табигый-тарых) бар. Ири ишканалары: «Компания Полярное Сияние», «Нарьян-Марнефтегаз», «Тотал Разведка Разработка Россия». Шаар 1930-ж. негизделген.