НАНАЕВА
НАНАЕВА Мария Токтогуловна (22. 11. 1927- жылы туулган, азыркы Талас обл., Талас р-ну, Арал айылы) - медицина илимдеринин доктору (1976), проф. (1977). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1977). КР УИАнын ардактуу академиги (2007). КММИни бүтүргөн (1949). 2-Москва медициналык йн-тунун аспирантурасын бүтүрүп, ошондой эле жерде ассистент (1949-53). 1953-жылдан КММИде ассистент жана доцент, кафедра башчысы (1961-84), 1977-жылдан КМИИде, 2007-жылдан КРСУда проф. Н-нын негизги эмгектери бийик тоо шартында дарылардын жүрөк кан тамырларга тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Фармакология боюнча адйс. 120дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монография, 9 ойлоп табуу, 15 окуу китеби жана окуу куралдары бар. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Основы клинической фармакологии в отоларингологии. Ф., 1992; Взаимодействие лекарственных средств. Ф., 1992; Противовосполительные, противоаллергические, иммунотропные средства. Химико-терапевтические средства. Б., 1999.