НАНАЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАНАЕВА Мария Токтогуловна (22. 11. 1927- жылы туулган, азыркы Талас обл., Талас р-ну, Арал айы­лы) - медицина илимдеринин доктору (1976), проф. (1977). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1977). КР УИАнын ардактуу академиги (2007). КММИ­ни бүтүргөн (1949). 2-Москва медициналык йн-тунун ас­пирантурасын бүтүрүп, ошондой эле жерде ассистент (1949-53). 1953-жылдан КММИде ассистент жана доцент, кафедра башчысы (1961-84), 1977-жыл­дан КМИИде, 2007-жылдан КРСУда проф. Н-нын негизги эмгектери бийик тоо шартында дары­лардын жүрөк кан тамырларга тийгизген таа­сирин изилдөөгө арналган. Фармакология боюнча адйс. 120дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 моногра­фия, 9 ойлоп табуу, 15 окуу китеби жана окуу куралдары бар. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Эмг.: Основы клинической фармакологии в ото­ларингологии. Ф., 1992; Взаимодействие лекарствен­ных средств. Ф., 1992; Противовосполительные, про­тивоаллергические, иммунотропные средства. Хими­ко-терапевтические средства. Б., 1999.