НАГАНО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАГАНО - Япониядагы шаар. Хонсю а-нын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Буддалардын ди­ний борбору. Нагано префектурасынын администрациялык борбору. Калкы 380,6 миң (2012). Жол тоому. Машина куруу, жеңил ө. ж. ишканалары иш­тейт. Музыкалык аспаптар чыгарылат. Университет бар. 1998-ж. XXIII олимпия оюндары өткөрүлгөн. Дэнкодзи храмы сакталган. Шаар айланасында багбанчылык өнүгүп, сүт багытындагы мал асы­ралат. Түркүн гүлдөрдү өстүрүү да өнүккөн.