НАГАНО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАГАНО - Япониядагы шаар. Хонсю а-нын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Буддалардын диний борбору. Нагано префектурасынын администрациялык борбору. Калкы 380,6 миң (2012). Жол тоому. Машина куруу, жеңил ө. ж. ишканалары иштейт. Музыкалык аспаптар чыгарылат. Университет бар. 1998-ж. XXIII олимпия оюндары өткөрүлгөн. Дэнкодзи храмы сакталган. Шаар айланасында багбанчылык өнүгүп, сүт багытындагы мал асыралат. Түркүн гүлдөрдү өстүрүү да өнүккөн.