МЮЛЛЕРИОЗ
МЮЛЛЕРИОЗ (Mulleriosis) - кой, эчки жана кээ бир кепшөөчү жапайы айбанаттардын (мисалы, муфлон) гельминтоз ылаңы. Ылаңды МйПегшз сарШагхз жумуру курту пайда кылат. Курт өпкөнүн паренхима, бронх жана альвеолаларында мителейт. Кой-эчки илдетке чайдыккан
үлүлдү жегенде ылаңдайт. Личинкалар лимфа жана кан аркылуу өпкөгө өтүп, 2-2,5 айда жетилет. Ылаң КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгү менен Кавказда көбүрөөк кездешет. Ыландын белгилери: мал кургак жөткүрүп, бат-бат дем алат; денеси ысыйт; арыктай баштайт. Дарылоо: тери астына же булчуңга дитразиндин суудагы эритмеси куюлат, ошондой эле туздуу кычкыл эметиндин 1- 2%түү эритмеси жана йодинол колдонулат. Алдын алуу үчүн эгилме жайыттарды түзүү, жайытты ар бир 25 күндө которуп туруу; ылаңга чалдыккан малды гельминтсиздөө.