МЮЛЛЕРИОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЮЛЛЕРИОЗ (Mulleriosis) - кой, эчки жана кээ бир кепшөөчү жапайы айбанаттардын (мисалы, муфлон) гельминтоз ылаңы. Ылаңды МйПегшз сарШагхз жумуру курту пайда кылат. Курт өпкөнүн паренхима, бронх жана альвеолаларын­да мителейт. Кой-эчки илдетке чайдыккан

үлүл­дү жегенде ылаңдайт. Личинкалар лимфа жана кан аркылуу өпкөгө өтүп, 2-2,5 айда жетилет. Ылаң КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгү менен Кав­казда көбүрөөк кездешет. Ыландын белгилери: мал кургак жөткүрүп, бат-бат дем алат; денеси ысыйт; арыктай баштайт. Дарылоо: тери асты­на же булчуңга дитразиндин суудагы эритмеси куюлат, ошондой эле туздуу кычкыл эметиндин 1- 2%түү эритмеси жана йодинол колдонулат. Ал­дын алуу үчүн эгилме жайыттарды түзүү, жа­йытты ар бир 25 күндө которуп туруу; ылаңга чалдыккан малды гельминтсиздөө.